• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

12-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

11 Аяк оона 2018 14:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV.
Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 12-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана тоо кыркаларында мезгил-мезгили жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24,
Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 9…11, күндүз 22…24 градус жылуу болот.
Количество просмотров: 19