Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV.
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 12-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында кар жаайт.
Күндүз да Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Айрым райондорду туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…4;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+6;
Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -11…-16 градус болот.
12-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз күн тийип турганы менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3 суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3 градус болот.