• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

11-мартта күтүлгөн аба ырайы

10 Жалган куран 202215:36 Бишкек Govori.TV

11-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолорунда кар, Талас, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй , Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоолорунда кар жаайт, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 6…8 градус болот.

Количество просмотров: 446