• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

12 жылдык билим берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?

19 Аяк оона 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Надира Нарматова 12 жылдык билим берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар экенин сурап: “Бул ата-энелердин, жергиликтүү билим берүү мекемелеринин сунушубу же кимдер бирөөнүн жекече кызыкчылыгыбы? Анткени, көпчүлүк жолугушууларда тургундар бул демилгени каалабагандыктарын айтышууда”,– деди.


Муну менен катар билим берүү тармагында жасалып жаткан реформалар боюнча пикирин билдирди.


Бул демилгенин максаты дүйнөлүк билим берүү системасы менен Кыргызстандын билим берүү системасын айкалыштыруу экенин айтты министрдин орун басары.


“Анткени, дүйнөнүн 156 өлкөсү 12 жылдык билим берүү моделине өткөн. Ага ылайык, бизде да 12 жылдыкка өтүү боюнча жол картасы белгиленип, керектүү анализдер жүргүзүлүп жатат” – деди.


Мындан тышкары, депутат Шайлообек Атазов Баш мыйзамда билим берүү бекер деп айтылганы менен мектептерде акча чогултуу токтобой жатканын белгилеп, тармактагы системалашкан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарылчылыгын кошумчалады.


Жыйын соңунда берилген маалыматтар боюнча тийиштүү токтом долбоору жактырылды.


Количество просмотров: 119