• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

12 жылдык окуу. Балдарга класстан класска секирик жасоонун кажети жок болушу мүмкүн

27 Жалган куран 202512:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда балдар мектепте 12 жыл окуй турган жаңы билим берүү системасы интеграцияланууда. Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева балдарга класстан класска секирик жасоонун кажети жок болушу мүмкүн экенин билдирди.

Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги жаңы билим берүү системасын интеграциялоонун алкагында айрым өзгөртүүлөр каралып жатканын билдирген. Долбоорго ылайык, үчүнчү класстын окуучулары бешинчи класска, алтынчы класстын окуучулары сегизинчи класска секирик жасамак.

“Азыр долбоор кайра каралып жатат. Ал жерде алар жөн гана предметтик стандартты бирдей кылып түзүшөт. Балким балдарга класстан класска секирик жасоонун кажети жок болушу мүмкүн. Биз дагы толук маалымат беребиз”, — деди министрдин орун басары.

Количество просмотров: 450