• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

120 ак халатчандан коронавирус аныкталды 

17 Теке 202010:20 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ошол эле учурда 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 592 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 127