• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанга Индия 126 млн сом грант берет

26 Теке 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

Индия Кыргызстанга 126 млн сом грант берет. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Комитеттин жыйынында Индиядан гранттык каражат алуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы «Өз ара түшүнүшүү жөнүндө» меморандумдун долбоору каралып, депутаттар жактырды.

Алына турган каражаттар социалдык-экономикалык, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү ж.б. багыттар боюнча долбоорлорго жумшалары каралган.

Количество просмотров: 272