• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Индия Кыргызстанга грант берет

11 Тогуздун айы 202113:58 Бишкек Govori.TV

Индия социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга кайтарымсыз жардам берет. Тиешелүү меморандумга Кыргызстан жана Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Джайшанкар кол коюшту.

Индиянын өкмөтү социалдык чөйрөдөгү тез ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн 1 млн 500 миң доллар каражат берүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар суммада жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, Индиянын тышкы иштер министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Количество просмотров: 86