• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Индиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга келет

11 Тогуздун айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын алтынын Индияга экспорттоо маселеси көтөрүлгөн.

Индиянын Тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар 10-октябрдан 13-октябрга чейин Кыргызстан, Казакстан жана Арменияга барат.

Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары кабарлады. Алгач Кыргызстанга 10-октябрда келип, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, 11-октябрда Казакстанга сапар тартат. Андан соң Арменияга багыт алат.

Иш сапар учурунда эки тараптык кызматташуу талкууланып, айрым келишимдерге кол коюу күтүлөт.

Буга чейин 5-октябрда Мумбайда өткөн Doing business in Kyrgyzstan форумунда Кыргызстандын алтынын Индияга экспорттоо маселеси көтөрүлгөнүн ТИМ басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асейин Исаев Мумбай шаары менен Махараштра штатындагы ишкерлерге туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берген.

Акыркы маалыматтар боюнча 2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 37 миллион долларды түзгөн.

Количество просмотров: 74