13-декабрда Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,
Нарын дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8° болот.
Бишкек шаарында түнкүсүнжаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр аралаш кар жаайт. Түндө 0…-2, күндүз 4…6° болот.