23-25-август күндөрү туруксуз аба-ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү, таш кулоосу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарл
Айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо, Чаткал жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Республиканын унаа жолдоруна кооптуу сел жүрүү, таш кулоо айрыкча:
ӨКМ өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз же күбө болсоңуз 112 кызматына токтоосуз чалып кабарлаңыз.