• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

13-июнда күтүлгөн аба ырайы

12 Кулжа 2023 15:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.

Количество просмотров: 191