• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

13-июнда күтүлгөн аба ырайы

12 Кулжа 202415:13 Бишкек Govori.TV

13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кага айланат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Количество просмотров: 375