№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 6 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Алар:
Арстанбеков Акылбек Советбекович;
Маматаев Эркинбек Садирбекович;
Асанов Уланбек Жалалович;
Асамудинов Бактыбек Асанович;
Калматов Токторали Калдарович;
Чолпонов Уланычбек Калдарбекович.
Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.
Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.