Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзамга кол койду.
Документти Жогорку Кеңеш 22-апрелде кабыл алган.
Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.