Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 2-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын мүчөлүгүнө талапкерлер көрсөтүлдү.
Анын ичинен төртөөнүн: Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышев, Бөдөш Мамырова жана Миргүл Темирбаеванын талапкерлигин президент сунуштаган.
Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевдин талапкерлигин көрсөтүштү.
Жакында эле президент Садыр Жапаров БШК мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Документти Жогорку Кеңеш 22-апрелде кабыл алган.