Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына сунушталган талапкерлер каралды.
БШКнын курамына президент Садыр Жапаров тарабынан Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева жана Бөдөш Мамырова сунушталган.
Ал эми Жогорку Кеңештен «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Тынчтык Шайназаровду талапкер катары көрсөтсө, «Ала-Тоо» жана «Ишеним» депутаттык тобу Сүйүнбек Касмамбетовду сунушташты.
Ошондой эле «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу Лейла Лурованы талапкер катары тааныштырса, «Элдик» депутаттык тобу Тимур Оторбаевди көрсөтүшкөн.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөгүнө Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева, Бөдөш Мамырова, Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаев шайланды.