Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 13-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 13-сентябрда жаан-чачын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градуска чейин жогору болот.