Милиция кызматкерлери баш болгон бир катар адамдар тарабынан узак убакыт бою зордукталып келген 13 жаштагы кызга байланыштуу териштирүү Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланууда. Алынган маалыматка караганда бүгүн тараптар көрсөтмө берүүдө. Сот жабык өтүп жатат.
Акыркы соттук териштирүү 12-июлда өткөн. Ага чейин жабыркаган тараптын адвокаттары иш менен таанышууга убакыт сурашкан.
Бул окуяга байланыштуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын эки орун басарына сөгүш берилгенин ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйынында билдирген.