• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

13 жаштагы күбө Максимди Токмоктун крим төбөлдөрү коркутууда

21 Бугу 201914:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Токмок шаарынын тургуну Марина Щербакова ММКларга Токмок шаардык ИИМ анын жазган арызын карабай, башка адамдардын кызыкчылыгын көздөп жатканын айтып арызданган.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 8-апрелинде кечки саат 21:00 чамасында Чыңгыз Чоноевдин сабалышына 13 жаштагы Максим баштан-аяк күбө болуп, апасы менен бирге “Тез жардам” чакырышкан. Натыйжада Чыңгыз таяктан каза тапкан.

Ал эми Чыңгыздын өлүмүнөн кийин 9-апрелде, Токмоктун “авторитеттери” Максимди үч жолу унаасына салып шаар четине алып барып,Чыңгызды урду деп аларга каршылаш башка балдарга каршы жалган көрсөтмө бербесең бүт үй-бүлөсүн өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Белгилүү болгондой буга жаш бала макул болгон эмес.

Количество просмотров: 18