• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Кыйын: Чек арадагы аялдардын коопсуздугу

28 Теке 202616:03 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Чек арадагы аялдардын коопсуздугу» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Нүргүл Ысакова — Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары, жеке ишкер;
  • Танзила Садирова — Ноокат району, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы, айылдык кеңештин дерутаты, соцкызматкер;
  • Угулхан Хужаева  — жергиликтүү кеңештин депутаты, “Нур периште” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору.
Количество просмотров: 9