• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

8-класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча сабактар өтүлөт

28 Теке 202613:28 Бишкек Govori.TV

2026–2027-окуу жылынан тартып 8-класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү жаңы окуу программасы киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы программа жумасына 2 саат окутулуп, окуучулар ар түрдүү багыттар жана кесиптер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Жалпысынан 14 профилге чейинки билим берүү программасы сунушталат.

Министрлик белгилегендей, бул сабактардын негизги максаты – окуучуларга жогорку класстарда кайсы багытта билим аларын аң-сезимдүү тандоого жардам берүү. Окуу кыска мөөнөттүү модулдар аркылуу жүргүзүлөт.

Программанын жыйынтыгында окуучулар кесипке багыт берүүчү тесттен өтүшөт. Анын жыйынтыгы алардын кызыгуусуна жана жөндөмүнө ылайык жогорку класстарда кайсы предметтерди тереңдетип окууну тандоого көмөк көрсөтөт.

Количество просмотров: 10