Күн мурун президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында эл аралык санкциялык режимдерди сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча кезектеги кеңешме өткөрүлдү.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, кеңешмеге мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Бакыт Сыдыков кеңешменин катышуучуларын Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Америка Кошмо Штаттарынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымдады.
Кыргызстан тарабынан санкциялык режимдерди кыйгап өтүүгө жол бербөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга эл аралык өнөктөштөр оң баа берип жатканы белгиленди.
Тактап айтканда, санкциялык тобокелдиктери жогору болушу мүмкүн болгон компанияларга карата текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан кошумча иликтөөнү талап кылган субъекттерди аныктоодо жетишилген прогресс белгиленди. Ошону менен катар конструктивдүү диалогду улантуунун жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Кеңешменин жүрүшүндө «ЭкоИсламик Банк» ЖАКтын өкүлдөрү банктын ишмердүүлүгүндө санкциялык тизмелерге киргизилген жеке жактарга жана компанияларга кызмат көрсөтүү боюнча операциялар жок экенин маалымдашты. Ошондой эле «ЭкоИсламик Банк» ички комплаенс-көзөмөл талаптарына жана финансылык мониторингдин эл аралык стандарттарына ылайык иш алып барары белгиленди.
Жакынкы убакытта «ЭкоИсламик Банк» колдонулуп жаткан комплаенс-көзөмөл чаралары тууралуу кошумча маалымат берип, ал батыштагы өнөктөштөргө жөнөтүлөрү белгиленди.
Буга байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын алкагында зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө даярдык ырасталды.
Мындан тышкары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мурунку жыйынынан бери өткөн үч жуманын ичинде компетенттүү мамлекеттик органдар КР мыйзамдарынын алкагында санкциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган бир катар чараларды ишке ашырганы белгиленди. Атап айтканда, белгиленген тартипте «Шисан» ЖЧКсынын, «Рама Групп» ЖЧКсынын жана «Нова Проект» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү токтотулуп, бир криптокомпаниянын лицензиясы кайтарылып алынды.
Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын соңунан тартып ведомстволор аралык иштин алкагында санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 40ка жакын компания аныкталганы жана аларга карата КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында компетенттүү мамлекеттик органдарга аталган субъекттер боюнча зарыл болгон текшерүү иш-чараларын бир жуманын ичинде аяктоо тапшырылды.
Кеңешменин катышуучулары Кыргызстандын экспорттук көзөмөл системасын мындан ары чыңдоого, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн аймагын эл аралык санкциялык режимдерди кыйгап өтүү үчүн пайдаланууга жол бербөө максатында эл аралык өнөктөштөр менен конструктивдүү кызматташууну улантууга берилгендигин ырасташты.