Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарды.
Маалыматка ылайык, соттун чечими менен зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирди.
Мамлекеттик айыптоочулар соттон эки милиция кызматкерине 15 жыл, үчүнчү адамга 13 жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны максималдуу турдө берүүнү өтүнгөн.
Секелектин зордукталышы боюнча соттук жараяндар жабык өттү.