Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы 15 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелген жаран 2 айга камалганын маалымдады.
Милициянын маалыматы боюнча, 16-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБне, райондун балдарды социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адиси арыз менен кайрылган. Анда 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран көп убакыттан бери жашы жете элек 2009-жылы туулган өгөй кызына карата физикалык зомбулук көрсөтүп, зордуктап жыныстык катнашка барганын жана окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Мал базар көчөсүндө болгонун билдирген.
«Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, 2009-жылы туулган А.А. карата соттук-медициналык, соттук-психологиялык экспертизалар дайындалып, топтолгон материалдар аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБне жиберилген. 19-апрель күнү Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 21-апрель күнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш- аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалып, Сузак райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.