• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

13 жаштагы кыздын окуясы: Бишкек милиция башчысы Ногойбаев кечирим сурады 

3 Чын куран 2023 12:30 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, буга чейинки билдирүүсү боюнча комментарий берди.

«Мен өзүмдүн билдирүүмдө жашы жете элек өспүрүмдөрдү күнөөлөгүм келген эмес. Өспүрүмдөр үйүнөн чыгып кетип, сексуалдык зомбулукка кабылган фактылар бар экенин жана эч ким жазасыз калбай турганын айткам. Мен «өздөрү» деген сөздү ката айтып алдым. Туура эмес сүйлөсөм кечирим сурайм»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек ШИИББинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өттү. Чогулгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылды.

Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан.

Ногойбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган. Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин жашы жете элек кыздар тууралуу билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.

Количество просмотров: 786