• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкек ШИИББнин башчысы болуп Азамат Ногойбаев дайындалды

20 Бугу 2021 12:08 Бишкек Govori.TV

КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шаардык милициянын өздүк курамына Бишкек ШИИББнин башчысы милициянын полковниги Ногойбаев Азамат Болотбековичти жана анын орун басары милициянын полковниги Түкөбаев Тилек Мирбековичти тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Урмамбетов Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаңы башчысы милициянын полковниги Байгазиев Азамат Талантбековичти дагы тааныштырды.

“Октябрь Урмамбетов жаңы жетекчилерге жана Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамына мындан аркы жемиштүү кызмат өтөөнү каалап, борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун күнү-түнү камсыздоону тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 103