• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот отуруму жылды

8 Теке 202217:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өтүп, жабырлануучу тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен сот 12-июлга белгиленди. Жабырлануучулардын жактоочулары алмашкандыктан, иш менен таанышып чыгууга убакыт сураган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдында зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын иши жана зордук-зомбулук маселеси боюнча митинг өттү.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жатат. Кезектеги отурум 8-июлга белгиленген.

Количество просмотров: 1071