• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

13 жаштагы кыздын зордукталышы. Окуяны балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл көзөмөлгө алды

6 Теке 2022 9:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул иш ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө турат. Алсак, көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата башкоргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат.

Өз кезегинде Асель Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди.

Ал мындан ары Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын кызматкери бул иш боюнча сот жараяндарына мониторинг жасай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мындай окуяларды болтурбоо максатында бардык мамлекеттик органдарга биргелешкен алдын алуу иштерин күчөтүүнү, балдарга карата зомбулук жана катаал мамиленин терс кесепеттери туурасында коомчулук арасында түшүндүрүү өнөктүгүн уюштурууну, балдарга, айрыкча “тобокелдик тобундагыларга” көңүл бурууну сунуштады.

Количество просмотров: 677