• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга өкүм чыкты

4 Тогуздун айы 2022 13:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү.

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге — эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып тагылган.

30-августта Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Количество просмотров: 389