• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

14:00гө карата 700 миң шайлоочу референдумга добуш берди

11 Чын куран 202115:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 14.00гө карата Кыргызстанда 700 миң шайлоочу референдумга добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов брифингде кабарлады.

Анын айтымында, референдумга добуш берүүгө жалпы 3 млн 606 миң 201 адам катталган.

 «Бишкек шаарында 65 740, Ош шаарында 39 786, Жалал-Абад облусунда 147 321, Ысык-Көл облусунда 57 977, Нарын облусунда 46 459, Ош облусунда 151 356, Талас облусунда 35 037, Чүй облусунда 95 465, Баткен облусунда 59 504, Чет өлкөлөрдө 1 355 шайлоочу добуш берди», — деди Бекматов.

Количество просмотров: 123