• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эл өкүлдөрү эмне менен алек? (сүрөт)

25 Жалган куран 2024 11:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары 22-31 мартта аймактарга чыгып, шайлоочулар менен жолугушмак. Мындай чечим 16-марттагы жыйында кабыл алынган. Эл өкүлдөрү эмне менен алектенип жүрөт? төмөндө тизмектейбиз.

Депутаттар Камила Талиева менен Динара Ашимова ишкер айымдарды колдоого багытталган кеңешмеге катышкан.

Депутат Замирбек Мамасадыков Шамалды-Сай шаарындагы кесиптик лицейинин капиталдык ремонттоо иштери менен таанышкан. Ошондой эле Достук айыл аймагындагы 300 гектар бактагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көргөн.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза Москва районундагы балдардын чыгармачылык борборундагы майрамга катышып жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова жана Максатбек Сарбагышев Ысык-Көл районунун тургундары менен жолугушуу учурундагы сүрөттөрү жарыяланды.

Депутат Жылдыз Садырбаева Кочкор районунда “Аймактардын өнүгүүсүнө туризм жол ачат” аттуу тегерек столго катышкан.

«Эл өкүлү — эл менен» долбоорунун алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары, Улугбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Данияр Толонов, Чынберди Төлөнов Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүшкөн.

Депутат Жанарбек Акаев Ош шаарында «Алтын алакан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору уюштурган иш-чарага катышкан.

Депутат Бактыбек Чойбеков иш сапары менен Талас районунда болгон.

Мындан тышкары парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатка катышты.

Количество просмотров: 91