• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

14:00го карата 1 миллионго жакын шайлоочу добуш берди

4 Тогуздун айы 2020 15:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда саат 14:00гө карата 990 миң 492 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 28,11%ын түзөт.

«Ош облусунда — 194 миң 210, Баткен облусунда — 75 миң 82, Талас облусунда — 44 миң 486, Бишкекте 136 миң 804, Ош шаарында — 63 миң 415, Жалал-Абад облусунда — 194 миң 447, Ысык-Көл облусунда 74 миң 5, Нарын облусунда — 51 миң 77, Чүйдө- 156 миң 966 шайлоочу добуш берди», — деп билдирди Шайлдабекова.

Количество просмотров: 52