• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Чет элдик өкүл” мыйзам долбооруна кайсы депутат кандай добуш берди?

14 Жалган куран 2024 11:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.

Мыйзам долбооруна 66 депутат «макул», ал эми 5 депутат «каршы» добуш берди, жалпысынан каттоодон 80 эл өкүлү өктөн.

Ал эми добуш берүүдөн соң сөз алган депутат Исхак Масалиев аталган мыйзам долбооруна жаңылып «макул» деп добуш берип алганын, «каршы» добуш бере турганын айтты.

Белгилей кетсек, 14-мартта тармактык комитеттин жыйыны дайындалган эмес. Комитеттин төрагасы Чолпон Султанбекова парламенттин жалпы жыйынында комиетте карала турган маселелер бар экенин айтып, ал үчүн танапис сураган. 15 мүнөттүк танапис берилип, “чет элдик өкүл” долбоору үчүнчү окууда кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш 22-февралда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдогон. 

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Количество просмотров: 91