БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо өлкөнүн айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.
Шайлоочулардын добушун кайра саноо графикке ылайык жүргүзүлөт. Добуштарды кайра саноо процессине саясий партиялардын байкоочулары, журналисттер катышса болот.
Добуштар кайра санала турчу участкалар:
№4 Көк-Жар шайлоо округу, 10-декабрь саат 11:00;
№5 Ноокат шайлоо округу, 11-декабрь саат 11:00;
№6 Араван шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;
№7 Ош шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;
№8 Төлөйкөн шайлоо округу, 10-декабрь саат 18:00.
№14 Жалал-Абад шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;
№13 Сузак шайлоо округу, 11-декабрь саат 14:00;
№19 Токтогул шайлоо округу, 10-декабрь саат 10:00;
№20 Манас шайлоо округу, 10-декабрь саат 14:00;
№21 Талас шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;
№30 Ысык-Ата шайлоо округу, 10-декабрь саат 11:00;
№32 Кочкор шайлоо округу, 10-декабрь саат 14:00;
№36 Ысык-Көл шайлоо округу, 10-декабрь саат 10:00.