• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

14-18-октябрда Боом капчыгайында таш түшүрүлөт, абайлагыла!

11 Тогуздун айы 202417:49 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында 14-18-октябрь күндөрү кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиргендей, тоодон таштарды түшүрүү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында болот.

Иш саат 09:00дөн 15:00гө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан жол жарым-жартылай жабылгандан кийин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө уруксат берилет.

Алыс жолго чыкчулар ушул нерсени эске алуулары зарыл.

Количество просмотров: 282