Коомдук көзөмөл деген жакшы. Бирок кээде аша чаап кетип аткан жокпузбу ? — деген ойго келесин. Чубак ажы Жалилов экинчи аял алдым дегенден баштап социалдык түйүндөр тынган жок. Талкуу, ой-пирирлер айтылып жатып, биринчи аялы менен ажыраштырып тындык окшойт. Албетте аялдардын укугу корголуш керек. Бирок коомдук көзөмөлдүн жыйынтыгын жетишкендик дейбизби же кесепет дейбизби. Аялынын укугун коргогонубуз менен балдары тирүүлөй жетим калып жатпайбы.
Ушундай эле көрүнүш атасы ичке тепкен балада да болуп жатат. Баланын апасы «уулум куса болуп жатат» деп арызын кайтарып алыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти. Албетте кичинекей наристени атасы ичке тепкени туура эмес. Бирок тыйындын эки бети болот дегендей эле, кыргыздар балдарын какыс-кукус кылып эле тарбиялачу эмес беле. Кичинекей наристенин атасы акталып чыккан учурда деле, коомдук көзөмөл деген нерсе, эми ал үй-бүлөнү эл алдына чыккыс кылып салды көрүнөт.
https://www.youtube.com/watch?v=V4oq4Te5hsY
Эгер коомдук көзөмөл аябай эле күчтүү болсо анда эмнеге түндө үйүнө кирип келип, үй ээсин өлтүрүп кеткен кылмышкерлерди табууну талап кылбайт. Аида Салянованын инисинин кыркы болду. Ал эми Ички иштер министрлиги кылмышкердин изине дагы түшө электигин айтып жатышат.
Бишкек шаарында жол кире 15 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экен. Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматында күйүүчү май кымбаттап, микроавтобустар талап коюп жатышыптыр. Тейлөө сапатту болуш үчүн жол акы кымбаттатыш керек дешет. Мындай пикирин мурдараак шаар башчысы Албек Ибраимов дагы айткан. Башкача айтканда баардыгы карапайым шаардыктардын моюнуна салынат экен.
Ошол эле учурда Ала-Тоо аянтында өтө турган иш-чаранын режиссерунун гонорарына эле 3 млндон ашык акча сарпталат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты. Бул гонорар эле. Башка чыгымдар мындан дагы көп болушу мүмкүн. Анда эмнеге мэрия акча жок деп, жол кирени көтөргөнү жатат. Ошол каражатты транспорт башкармалыгына берсе, элдин чөнтөгүнө үнөм болбойт беле?
Башы оорубагандын кудай менен иши жок,-деген лакап бар. Элдер чөнтөгүндөгү беш сомду үнөмдөй албай атышса, депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңеш жыйынында эски унаалар борбор калаанын абасын булгап жатканын билдирди. Анын оюна койсок микроавтобустарды жоюп, миллиондон ашык калкы бар Бишкектиктерди жөө бастырганы жүрөт.
“Алар дагы экологияга зыян келтирүүдө. Микроавтобустарды акырындык менен шаар көчөлөрүнөн тазалаш керек. Элдер жөө жүрүшсүн”-деди Бекешов.
Мурдагы президент бир нерсе болсо эле Бакиевди күнөөлөп жатып калчу. Эми азыркы президент кимди күнөөлөйт? Сооронбай Жээнбеков азырынча Бакиевди оозана элек. Бирок Алмазбек Атамбаевди бийлике алып келген коомдор унута албай жатышат. Бүгүн Беларустун элчилигини астында “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин нааразычылык акциясы өттү. Акцияга чыккандар Беларусиядан Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновду берүүсүн талап кылышты.
Алар Данияр Үсөнов Даниил Урицкий болуп алганын билип алышыптыр. Бирок ошол эле учурда Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева мүчөлүк кылган “Республика-Ата-Журт” фракциясы бийлик менен сүйлөшүп, көпчүлүк коалицияга кирээри айтылууда.
Ошентип 14-декабрь дагы өттү.