• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

14-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

13 Жетинин айы 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-25, күндүз 0…-5,

14-ноябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° суук, күндүз 12…14° болот.

Количество просмотров: 166