• Дүйшөмбү 27 Бугу 2024
  • Понедельник 27 Май 2024

14 жаштагы кыз асынган абалда табылды

30 Үчтүн айы 2023 15:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы окуучу кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдү биринчилерден болуп ата-энеси көрүп калган. Ал өз үйүнүн короосунда асынып алган абалда табылган.

Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Сөөктү кароодо зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 482