• Ишенби 1 Тогуздун айы 2022
  • Суббота 1 Октябрь 2022

14 жаштагы кыздын өлүмү. Акыйкатчы кызматкерлери жеринде иш алып барууда

6 сентября 2022 в 14:38 Бишкек Govori.TV

Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жеринде иш алып барып жатат. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

«Бул үрөй учурган учур боюнча азыркы учурда биздин Акыйкатчынын Баткен облусундагы атайы өкүлү барып ата-энеси менен таанышып жүрөт, себеби бизде кылмыш иши жабылып калган, адилетсиз тергөө болгон учурлар абдан көп кездешет, ушул сыңары көрүнүштөр болуп кетпөөсү үчүн ал көзөмөл кылуу ишин аткарып жатат», — деди ал.

Азарбеков кошумчалагандай, зордук-зомбулук фактылары мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көбөйгөн.

«Акыйкатчы аппаратына жыл сайын кайрылуулар келип түшөт. Динамикасын карай турган болсок 30 пайызга жогорулап кетти. Бул зордук-зомбулуктун күчөп жатканынын белгиси, себеби бизге кайрылып жаткандардын саны 30% жогорулап жатат. Мисалы 2021-жылы 604түн тегерегинде зордук-зомбулук фактысы катталса, быйыл ИИМдин маалыматы боюнча жарым жылдыкта эле 500 факты катталып жатат», — деди аппарат жетекчиси.

Эске салсак, 4-сентябрда саат 15:25тер чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25, 27 жана 24 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, окуяны көзөмөлүнө алганын билдирген.

Количество просмотров: 335

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда