• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт»

25 Бештин айы 202512:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, акыркы жылдары зордук-зомбулук учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

Өз сөзүндө Жапаров аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбай турганын, бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы экенин айтты.

“Зордук-зомбулукту айтуунун өзү да оор, бул бирок биздин коом үчүн кечиктирилгис жат көрүнүш. Анткени, алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт», — дейт президент.

Количество просмотров: 96