Бишкек шаарынын 68 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, уулу дайыма сабап келгенин айтып даттанды. Анын сөзүнө караганда, 48 жаштагы уулу ичип алып, кол көтөрүп жүргөн.
Милиция жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындап, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») менен кылмыш ишин козгогон.
Жабырлануучунун уулу Ш. А. кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.