• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

14 жылга кесилген Айбек Калиев эркиндикке чыкты

17 Аяк оона 2021 10:56 Бишкек Govori.TV

Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиев эркиндикке чыкты. Маалыматты Govori.TVга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Аталган кызмат ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Калиев абактан качан бошотулганы тууралуу маалымат берген жок.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиевге ырайым бергенин АКИpress агенттиги жактоочусу Эрнис Саданбековго шилтеме берүү менен жазган.

Эске салсак, Калиев Жогорку сот тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 14 жылга эркинен ажыратылып, Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында камакта болчу. 

Количество просмотров: 3268