Айбек Калиев: «ЖЭБдеги 14 миң 500 долларга алынган делген камералар 300 доллардан алынган» (видео)
Айбек Калиев: «ЖЭБдеги 14 миң 500 долларга алынган делген камералар 300 доллардан алынган» (видео)
3 Чын куран 20189:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.04.2018.Govori.TV
Кечээ 2-апрелде Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Анда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев ЖЭБдеги «14 миң 500 долларга алынган» делген камералар 300 доллардан алынганын билдирди.
«ЖЭБге орнотулган камералардын ар бири 300 доллардан алынган. 128 даана камера 38 миң 400 долларга алынган. Ал эми калган каражаттарга көзөмөл системи орнотулуп, 20 чакырымдын тегерегинде байланыш чубалгылары тартылган. Алыстан башкаруучу системи орнотулган. Ал эми кычкачтын баасы деп башка шаймандарга коюлган баа көрсөтүлгөн. Анткени кычкач деп көрсөтүлгөн чемодандын ичинде 18 шайман бар. Андан тышкары биздин базарда сатылбаган импорттолуп келген резиналар болгон. Бул комплект котормодо «кычкач» деп жазылып калган», — дейт Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев.
Түтүн же жылуулук? Өкмөт башчы Жылуулук электр борборунун иши менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек жылуулук электр борбору …