• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Калиев менен Авазов абактан чыкты. «Кумтөр» жана «Центерранын» мурдагы жетечилерине издөө жарыяланды

17 Аяк оона 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 17-сентябрга карата берген маалыматына ылайык, 83 адам илдетке чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Ушуну менен былтыр март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 177 567 адамга жетти. Мунун ичинен сакайып чыккандардын саны — 172 015 адам.

Акыркы суткада оорудан 2 киши көз жумду. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 2583 адам.

КАЛИЕВ МЕНЕН АВАЗОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов абактан чыкты. Жаза аткаруу кызматынан алар жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу абактан чыгарылганын  кабарлады. Алардын качан жана кайсы жактан чыкканы тууралуу маалымат айтылган жок. Ал эми адвокат Эрнис Саданбеков Калиев менен Авазовго президент ырайым бергенин билдирди.
Айбек Калиевди 14 жылга эркинен ажыраткан. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга абакка кесилген.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар чиновниктер камалган.

“КУМТӨР” МЕНЕН “ЦЕНТЕРРАНЫН” МУРУНКУ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ИЗДЕЛҮУДӨ

Канадалык «Центерра» компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы жетекчилерине издөө жарыяланганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Атайын кызмат бүгүн, 17-сентябрда тараткан маалыматта айтылгандай, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча жүрүп жаткан тергөөдө канадалык «Центерра» компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана «Кумтөр» кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери коррупцияга тиешеси бар экени аныкталган. Алар 2013-жылдын декабрында 200 миллион долларды чет элдик компаниянын эсебине мыйзамсыз которгону боюнча далилдер алынган.

Бул фактылар боюнча «Центерранын» мурдагы жетекчиси Ян Аткинсон, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын президенти Майкл Фишер, башкармалык кеңешинин төрагасы Андрей Сазанов, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын вице-президенти Жон Сьютерге сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 342