• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЖЭБ иши боюнча соттолгон Айбек Калиев башка абакка которулду

4 Баш оона 2020 19:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборун  оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттолгон «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которулду. Маалыматты Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев ырастаганын  «Азаттыкк» жазды.

Маалым болгондой, Айбек Калиевдин №8 колонияга которулганына үч жума болгон. Эми ал жазасын ошол түрмөдө өтөйт.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Свердлов райондук сотунун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот өзгөртүүсүз калтырган. 

Количество просмотров: 107