• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

142 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

2 Аяк оона 2021 8:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 59;
  • Ош шаары — 0;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу — 10.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 954 бейтап, амбулатордук түрдө 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 18 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 169 киши айыгып чыкса, 2 миң 536 адам каза болду.

Количество просмотров: 69