• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гватемалада автобус көпүрөдөн жарга кулап, 51 адам каза болду

11 Бирдин айы 202515:39 Бишкек Govori.TV

Гватемалада жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун катышуусундагы кырсыктан кеминде 51 адам каза болгонун Reuters агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, автобус Сан-Агустин Акасагуазтлан шаарынан өлкөнүн борбору Гватемала шаарына бара жатып, жол көпүрөсүнөн сайга кулап түшкөн.

Жүргүнчүлөр жык чогулган автобустун айдоочусу рулду башкара албай калганын жергиликтүү басылмалар жазышууда. Автобус бир нече унааны жана темир көпүрөнүн тосмосун сүзүп, андан соң чакан дарыя аккан сайга кулап түшкөн.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө автобус жарым-жартылай сууга чөгүп кеткенин көрүүгө болот. Кырсыкка автобустун тормозунун бузулушу себеп болгон деп болжолдонууда.

Кырсыктан кеминде 36 эркек жана 15 аял каза болгон. Гватемалада үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Количество просмотров: 175