• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

15-апрелде күтүлгөн аба ырайы

14 Чын куран 202513:36 Бишкек Govori.TV

15-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Количество просмотров: 233