• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Бишкекте көчөлөргө суу чачылып жатат

15 Теке 202618:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу көчөлөргө суу чачуу иштери күчөтүлдү.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техникалардын жардамы менен шаар көчөлөрүн нымдап, абаны муздатуу иштерин жүргүзүүдө. Бул максатта 25 атайын техника тартылып, негизги көчөлөргө муздак суу чачылууда.

Жол бетине суу чачуу асфальттын температурасын төмөндөтүп, абадагы чаңдын көлөмүн азайтат. Ошондой эле бул иш-чара аптаптуу күндөрү шаардагы абанын сапатын жакшыртып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Количество просмотров: 13